> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ тооктун жумурткасын өндүрүү боюнча долбоорго 1 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/01/31/ok-f-tooktun-zhumurtkasyn-nd-r-bojuncha-dolboorgo-1-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-01-31T14:29:25.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында «ЭлДан Аталык» Агроөнөр жай комплекси ЖЧКсы тарабынан 1 млн доллардан ашык суммага инвестициялык насыя жактырылганын фонддун басма сөз кызматы билдирди.**

> Каражат дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдөн жумуртка өндүрүү үчүн жогорку технологиялык жабдууларды сатып алууга жумшалат, бул жылына **45 млн даана жумуртка өндүрүүнү** камсыз кылат. Ошондой эле Кыргызстандын тоок жумурткасына болгон импорттук көз карандылыгын 10%га азайтып, азык-түлүк коопсуздугун чыңдайт.

Белгилей кетсек, учурда КР тоок жумурткасын өз алдынча өндүрүү менен рыноктун суроо-талабынын **54%ын** камсыздайт.

Долбоор ОКӨФ тарабынан ишке ашырылып жаткан кластердик программанын бир бөлүгү болуп саналат жана КРнын канаттуулар кластерин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана адистештирилген ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.