> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 2021-жылы 2.1 млрд сомдон ашты
- URL: https://im.kg/all/2022/01/31/zhogorku-tehnologiyalar-parkynyn-kireshesi-2021-zhyly-2-1-mlrd-somdon-ashty/
- Published: 2022-01-31T10:23:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденттеринин кирешеси 81%га өсүп, 2 млрд 117 млн ​​сомго жетти (азыркы курс боюнча дээрлик 25 млн доллар). Анын ичинде ІV кварталдын жыйынтыгы боюнча киреше 759 млн сомду түзгөн (өсүү 2.2 эсе). Мындай маалыматты парктын директору Чубак Темиров билдирди.**

Өткөн жылы ЖТПда 97 резидент компания иштеген. Бул компаниялардын кызматкерлеринин орточо саны1055 адамды түзөт (2020-жылга карата +52%). Бирок ІV кварталда кызматкерлердин орточо саны **1306 адамга** жеткен.

> 2021-жылы ЖТП компаниялардын эмгек акы фонду 68%га өсүп, **771 млн сомду** түзгөн. Өзүнчө патент менен иштеген кызматкерлердин төлөмдөрү **213 млн сомго** жеткен (3.3 эсеге өскөн).

Мамлекеттик бюджетке жана Соцфондго чегерүү жана төлөмдөр дээрлик 62 млн сомду түзүп, анын ичинде киреше салыгы 37.6 млн сом (+74%), социалдык чегерүү (+41%) 24 млн сомго жеткен.

> ЖТПнын негизги киреше булагы **АКШ,** Россия, Казакстан жана Кипр сыяктуу чет мамлекеттик кардарлар болгон.