> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда экономика орточо деңгээлде калыбына келүүдө. Январда инфляция – 11.1% түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/01/krda-ekonomika-ortocho-de-geelde-kalybyna-kel-d-yanvarda-inflyaciya-11-1/
- Published: 2022-02-01T11:42:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда экономикалык жигердүүлүк орточо деңгээлде калыбына келүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3.6%ды, Кумтөрдү эске албаганда 3.9%ды түзгөнүн Улуттук банк билдирди.**

- **Кызмат көрсөтүү** жана **өнөр жай** секторлорунда **оң салым** белгиленген.
- **Айыл чарбасында** жана **курулушта өндүрүштүн кыскарышы** экономиканы калыбына келтирүүдө тоскоолдук жараткан фактор болуп калды.

> 2022-жылдын январь айында (21-январь) **инфляция жылдык мааниде 11.1%ды түзгөн**, жыл башынан бери **баалар 0.9%га өскөн**. 

УБ баа динамикасына негизги басым дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалардын өсүшүнүн уланып жатышынан жана 2022-жылдын январында алкоголдук жана тамеки заттарына акциздердин пландалган жогорулашынан келип чыккан. Үстүбүздөгү жылы күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын өсүшү инфляцияга кошумча салымын кошуп жатканын белгиледи.