> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жолдорду жыл сайын калыбына келтирүү үчүн 1.8 млрд сом талап кылынат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/01/zholdordu-zhyl-sajyn-kalybyna-keltir-ch-n-1-8-mlrd-som-talap-kylynat/
- Published: 2022-02-01T12:23:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жолдорду жыл сайын калыбына келтирип кармап туруу үчүн 1.8 млрд сом талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин Парламенттик угууда билдирди.**

Анын айтымында, 1000 чакырым жолду бир катмар асфальт менен төшөө үчүн **2.6 млрд сом**, ал эми эл аралык транспорттук коридорлорду кармоо үчүн **5.6 млрд сом** керектелет.

Ошондой эле Аалиев жол тармагына эң көп каражат 2016-2017-жылдары бөлүнгөнүн белгиледи. 

> «Бул жылдары жол секторуна 4 млрд сом каралган. 2020-жылы пандемиянын кесепетинен жол секторун каржылоо деңгээли 1.4 млн сомду түзгөн. Жыл сайын талап кылынган каражаттардын көлөмү **10 млрд сомго** чейин жетет», – деди ал.