> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Air Manas Сауд Аравияга Бишкек – Жидда каттамын ачат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/02/air-manas-saud-araviyaga-bishkek-zhidda-kattamyn-achat/
- Published: 2022-02-02T11:47:23.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 6-февралында «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы Бишкек – Жидда багыты боюнча биринчи чартердик рейсти аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.**

> Рейс жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат, андан ары каттамдардын санын жумасына 4кө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. 

Ош жана Жидда шаарларындагы аэропорттордун каттоо системаларын интеграциялоо иштери аяктагандан кийин «Эйр Манас» авиакомпаниясы **Ош – Жидда багыты боюнча аба каттамдарын ачууну** пландоодо.

Кененирээк маалымат алуу үчүн «Эйр Манас» компаниянын кеңсесине кайрылуу керек.

2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган КР менен Сауд Аравия Королдугунун өкмөттөрүнүн ортосундагы аба байланышы жөнүндө макулдашуунун негизинде КРнын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында аталган аба каттамы ачылуу алдында турат.