> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ар бир сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиш керек
- URL: https://im.kg/all/2022/02/02/ar-bir-satylgan-tovarga-zhe-kyzmat-k-rs-t-g-kassalyk-chek-berilishi-kerek/
- Published: 2022-02-02T15:21:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чекти талап кылууга чакырат.**

> Ар бир чекене сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиши керек.

Кассалык чек – сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ болуп саналат.

Бирок, кардарларга **слип-чек** же **эквайринг чек** сыяктуу чектин башка дагы түрлөрү берилүүдө. Аларда кыскача маалыматтар берилет жана **ал кассалык чек болуп саналбайт**.

Сатып алуучулар контролдук-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган кассалык чекти талап кылышы керек, тактап айтканда анда төмөнкүлөр болушу абзел:

- субъект жөнүндө, башкача айтканда, сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар
- төлөөнүн формасы жана КРнын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар
- сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кассалык чек берилбеген фактылар тууралуу **(0312)61-31-89 ишеним телефону же (0779)61-31-89 (WhatsApp)** мобилдик номери аркылуу билдирүүгө чакырат.

> «Кассалык чек – бул сатып алуучунун укуктарын коргоо кепилдиги жана сатуучунун ишенимдүүлүк көрсөткүчү», – дейт МСК.