> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо «Дос Кредо» банктын кеңсесинде өрт чыкты
- URL: https://im.kg/all/2022/02/02/karakoldo-dos-kredo-banktyn-ke-sesinde-rt-chykty/
- Published: 2022-02-02T16:15:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан «Дос Кредо» банктын кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.**

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМ жалпысынан имараттын ичинин эки чарчы метри жана бир пластик терезе күйгөнүн, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кабарлады.