> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент криптовалютанын жүгүртүүсүн жөнгө салуучу «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамга кол койду
- URL: https://im.kg/all/2022/02/02/prezident-kriptovaljutanyn-zh-g-rt-s-n-zh-ng-saluuchu-virtualdyk-aktivder-zh-n-nd-myjzamga-kol-kojdu/
- Published: 2022-02-02T12:34:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:17:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров криптовалютанын жүгүртүүсүн жөнгө салуучу [«Виртуалдык активдер жөнүндө»](https://online.toktom.kg/NewsTopic/6606) мыйзамга кол койду**.

Бул мыйзам **блокчейн**, **виртуалдык актив**, **виртуалдык актив капчыгы**, **майнинг, майнинг жабдуулары, өнөр жай майнинги**, виртуалдык активдерди сатуу оператору (**криптобиржа**), **санариптик токен, виртуалдык актив эмитенти** жана башкалар сыяктуу түшүнүктөрдү киргизет. 

> Ошол эле учурда мыйзам баалуу кагаздар, валюталар, электрондук акчалар, резервдер, салымдар (депозиттер) жана кумар оюндары чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө жайылтылбайт.

Жапаров кол койгон «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кийин күчүнө кирет.