> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы ысыктан жана суунун жетишсиздигинен түшүм эки эсе кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/02/tk-n-zhyly-ysyktan-zhana-suunun-zhetishsizdiginen-t-sh-m-eki-ese-kyskardy/
- Published: 2022-02-02T15:07:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе кыскарган. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө айтылат.**

Акыркы статистикага ылайык, 2021-жылдын аягында 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналган. Чабылган аянттан **1.3 млн тонна түшүм алынган** (кайра иштетүүдөн кийинки салмакта), бул 2020-жылга салыштырмалуу **28.4%га аз**. Анын ичинде **буудайдын** дүң жыйымы – **42.3%га**, **арпаныкы – 46.3%га**, **жүгөрү даны – 3.2%га** кыскарган.

> «Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жай мезгилиндеги температуранын нормадан жогору болушу жана вегетация мезгилинде суунун жетишсиздиги себеп болду», – деп айтылат Улутстаткомдун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, 2021-жылга май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 25.4%, кант кызылчасы – 18.5%, бак-дарак – 14%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 4.4%, картошка – 2.9% жана жашылча – 1.5%га азайган.