> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку соттун судьясынын кирешеси дээрлик 7 млн сомду түзөт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/02/zhogorku-sottun-sudyasynyn-kireshesi-deerlik-7-mln-somdu-t-z-t/
- Published: 2022-02-02T16:37:08.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**[«Клооптун»](https://ky.kloop.asia/2022/02/01/sudyalardyn-ajlygy-tuuraluu-maalymat-internetke-zharyyalanyp-ketkeni-iliktene-bashtady/) журналисттери Жогорку соттун судьяларынын 2020-жылга карата декларацияларын [текшерип,](https://www.sti.gov.kg/docs/default-source/other/spec%5Fgos%5F20.pdf?sfvrsn=2) жыл ичинде эң эле көп киреше тапкан беш адамдын тизмесин түзгөн.**

Декларацияга ылайык, 2020-жылы судья Нурсейит Арапбаев **6 млн 889 миң сом** киреше алган. Административдик иштер боюнча коллегиянын мүчөсү Арапбаевдин ал убакта 1 млн сомдон ашык сумманы түзгөн малы, тиричилик техникасы жана эмеректери болгон. Калган төрт судьянын да кирешелеринин 1 млн сомдон ашканы аталган иликтөөдө көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, жакында эле социалдык тармактарда жана ЖМКларда Жогорку соттун судьяларынын аты-жөнү, банктык карталардын номерлери жана алар 2021-жылдын октябрь айында алды делген маяналардын суммасы көрсөтүлгөн документ жарыяланып кеткен.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/zarplata-sudi-768x1024.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/zarplata-sudi.jpeg)

Сүрөттөн судьялардын басымдуу бөлүгү бир айда 23-94 миң сомго чейин, ал эми тизмедеги эки судья — 423 жана 454 миң сомдон айлык алышканын көрүүгө болот.

Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы ал расмий кагаз эмес экенин, аны олуттуу маалымат катары кабыл алууга болбой тургандыгын [билдирген.](https://www.youtube.com/watch?v=zoarOh5DRnA)