> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бирдиктүү салыктын 8% жаңы ставкасы рестораторлорду көмүскөгө кетүүгө түртөт – Аскар Сыдыков
- URL: https://im.kg/all/2022/02/03/birdikt-salyktyn-8-zha-y-stavkasy-restoratorlordu-k-m-sk-g-ket-g-t-rt-t-askar-sydykov/
- Published: 2022-02-03T14:42:27.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:22:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коомдук тамактануу жайларына коюлган бирдиктүү салыктын 8%дык жаңы ставкасы ишкерлерди көмүскөгө кетүүгө мажбурлайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.**

ЭИКтин жетекчиси Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык – 2022-жылдын 1-январынан тартып атайын коомдук тамактануу ишканалары үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын максималдуу 8%дык ставкасы чоң тойканалар үчүн да жана кичинекей тамактануу жайлары үчүн белгиленгенин эске салды.

Бул көрсөткүч бизнес үчүн өтө жогору болуп саналат. Рестораторлордун айтымында, орто эсеп менен алардын ишканаларынын **рентабелдүүлүгү болжол менен 15%ды** **түзөт**, демек, алар **анын 8%ын салык түрүндө төлөөгө даяр эмес,** анткени бул алардын бизнесин чыгашага учуратат.

> «Алар **көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушат**. Себеби, бизнесин жаап кое алышпайт, анткени кредитин төлөшү керек, үй-бүлөсүн багыш керек, кызматкерлерине айлык берүү сыяктуу көптөгөн милдеттерди аткарыш керек. Алар текшерүүчү жана фискалдык органдар, салык кызматы менен сүйлөшүүгө мажбур болушат.

> Бул **салык органдары менен иштешүүдө дагы чоң коррупцияга алып келиши мүмкүн**. Рестораторлор бизге билдиргендей, ишканалардын 80-90% салык келишими менен иштеген, бирок жаңы Салык кодексинде бул өзгөчө режим жоюлуп кетти. Ошондуктан алар азыр альтернативдүү режимди – же жалпы, же бирдиктүү салыкты тандоого аргасыз болушат», – дейт Сыдыков.

ЭИКтин башчысы коомдук тамактануу жайлары жалпы салык режими менен иштеши рентабелдүү эместигин, анткени алар КНСти кайтара албаганын, себеби, азыктарды базардагы чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн сатып алышаарын кошумчалады. 

> «Рестораторлор» дегенде биз базардагы кичинекей кафелерден баштап, борбордогу чоң майрамдык залдарга чейин бардык коомдук тамактануучу жайларды түшүнүшүбүз керек. Андыктан бул салык кичине жайдан чоңдоруна чейин, баарынан мурда региондорго таасири тиет», – деди Сыдыков.