> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ками Моторстун»  директору болуп 24 жаштагы Нурбек Арсен уулу дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/03/kami-motorstun-direktoru-bolup-24-zhashtagy-nurbek-uulu-arsen-dajyndaldy/
- Published: 2022-02-03T10:13:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) 2022-жылдын 1-февралынан тартып «Ками Моторс» ААКтын директору Алия Сапарбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын билдирди.**

Компаниянын директорлор кеңешинин 2022-жылдын 31-январындагы отурумунун натыйжасында, директорлук орунга 1998-жылкы Нурбек Арсен уулу дайындалган.

Эскерте кетсек, «Ками Моторс» ААК автоунааларды чыгаруу жана сатуу ишмердүүлүгү менен алектенет. Компания [KAMI NIMBLE](https://kami.kg/?fbclid=IwAR0%5FH5Eh6YoadsLkRIlxgSN-QyONBC8SlruTIrDi%5FATMdOAdk05%5FyeNoK3A) деген жүк ташуучу унаасы менен да белгилүү.