> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алынат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/03/kfw-nemec-n-kt-r-bankynan-9-mln-evro-lch-m-nd-grant-alynat/
- Published: 2022-02-03T10:55:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинети «KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун жактырганы кабинеттин 100 күндүк отчетунда айтылат.**

> Министрлер кабинети алынган грант **мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүүгө** пайдаланылат деп билдирди.

Ошондой эле кабинет «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн **5.3 млрд сомго** чейин көбөйткөнүн, бул келечекте мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү үчүн тышкы рынокто кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет деп ишенгенин билдирди.

2021-жылдын 31-декабрына карата 1567 млн сом суммасындагы ипотекалык насыя берилип, 732 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болгон.