> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МСК ЭИКтин директору Сыдыковду коомчулукту «козутпоого» чакырды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/03/msk-eiktin-direktoru-sydykovdu-koomchuluktu-kozutpoogo-chakyrdy/
- Published: 2022-02-03T15:17:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик Салык кызматы Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыковду негизсиз айыптоолордон алыс болууга чакырды.**

3-февралдагы онлайн брифингде Сыдыковдун «салык кызматкерлери ай сайын ишкерлерден пара талап кылып жатат» деген билдирүүсүн МСК «дооматтар чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

> «МСК ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдон коомчулуктун тынчын албай, негизсиз айыптоодон алыс болууну өтүнөт. Салык кызматы абройлуу ЭИК «рестораторлор билдиришүүдө» дегенге таянып, конкреттүү фактыларсыз айыптоолорду такканына кейийт», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, онлайн брифингде ЭИКтин жетекчиси Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып атайын коомдук тамактануу ишканалары үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын [максималдуу 8%дык ставкасы тууралуу пикирин да билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/03/birdikt-salyktyn-8-zha-y-stavkasy-restoratorlordu-k-m-sk-g-ket-g-t-rt-t-askar-sydykov/). Сыдыков бул ставка бизнес үчүн өтө жогору болуп саналаарын, рестораторлор **15%дык кирешесинин 8%ын салык түрүндө төлөөгө даяр эмес экенин,** алар **көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушаарын** да айткан эле.

- Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди салык органдары тарабынан акча талап кылуу, этикага жатпаган, орой жүрүм-туруму жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча **(0312)61-31-89** ишеним телефонуна же **WhatsApp (0779)61-31-89** мобилдик номуруна билдирүүнү же болбосо, укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөт.