> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/03/oshto-ishkerlerdi-tejl-borboru-achylat/
- Published: 2022-02-03T10:25:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору (ИТБ) ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Экономика министрлиги өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле Ош шаарында ИТБны ишке киргизүү тартиби жана шарттары жөнүндө Министрлер кабинетинин бекитилген токтому чыкканын белгиледи. Ошол эле учурда анын ачылуу мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

Министрлик ИТБнын милдети – жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана башка кызматтарды алууда ишкерлерге сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү экенин билдирди.