> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент менен Кытайга кимдер кетти?
- URL: https://im.kg/all/2022/02/03/prezident-menen-kytajga-kimder-ketti/
- Published: 2022-02-03T14:09:19.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, КЭРдин Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти.**

Президент менен бирге бир катар мамлекет кызматкерлери да кетишти. Алар:

- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев
- КРнын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова
- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

Сапардын алкагында Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.