> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК: «Соцсервис» МИ мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтиргени аныкталды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/03/ukmk-socservis-mi-mamleketke-milliondogon-dollar-zyyan-keltirgeni-anyktaldy/
- Published: 2022-02-03T16:47:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканаларда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө «Соцсервис» МИ мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирген деп табылып, анын мурдагы директору Аман Абдылдаев камакка алынды.**

> Санариптик өнүктүрүү министрлигине караган **«Соцсервис»** мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн **101 млн 900 миң сом** өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

> Бирок аталган ишкананын кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, **бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан**.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ырасталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, ишке кирбегени, муну менен **мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени** аныкталып, санариптик трансформация боюнча стратегиялык мааниге ээ болгон **«**Санариптик Кыргызстан 2019-2023**»** мамлекеттик программасын ишке ашыруу негизсиз созулулуулары аныкталган.