> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 23 миң салык төлөөчү жаңы салык режимин тандады
- URL: https://im.kg/all/2022/02/04/23-mi-salyk-t-l-ch-zha-y-salyk-rezhimin-tandady/
- Published: 2022-02-04T15:45:55.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаңы Салык кодексинин ишке киргизилишине байланыштуу салык төлөөчүлөрдөн салык режимин тандоо жөнүндө 23 миң 272 арыз түшкөнүн МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Алардын ичинен **1136 салык төлөөчү жалпы салык режимине**, **22 136 салык төлөөчү бирдиктүү салыктын** негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасына, анын ичинен **14 775 бирдиктүү салыкка**, **7295 нөлдүк ставка** менен бирдиктүү салыкка, **66 субъект КНСти шарттуу эсептөө режими** менен бирдиктүү салыкка өткөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуу салыгынын негизинде салык режимин тандоо жөнүндө катталган жери боюнча салык органына арыз менен **28-январга чейин кайрылыш керек** болчу.