> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Сауд Аравияга биринчи чартердик каттам  учуп кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/02/07/bishkekten-saud-araviya-birinchi-charterdik-kattam-uchup-ketti/
- Published: 2022-02-07T14:11:21.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропортунда кечээ, 6-февралда «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы тарабынан Бишкектен Джидда шаарына биринчи чартердик каттам аткарылды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.**

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы биринчи оператору болуп дайындалып, Бишкек – Жидда багыты боюнча **жумасына бир жолу** (жекшемби) каттамдарды аткармакчы. Ал эми февраль айынын аягынан баштап **жумасына төрт каттамга чейин** көбөйөт.

Түз авиакаттамды ачуу аземине «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өкүлдөрү, КРнын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов жана Сауд Аравия Королдугунун КРгы Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев катышты. 

> «Бишкек – Джидда түз авиакаттамынын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчыларыбыздын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, Сауд Аравиянын башка шаарларынан да каттамдарды ачуу пландалууда», – деп билдирди Улукбек Марипов.

2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган КР менен Сауд Аравия Королдугунун өкмөттөрүнүн ортосундагы аба байланышы жөнүндө макулдашуунун негизинде КРнын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында аталган аба каттамы ачылды.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda2-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda3-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda4-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda4.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda1-1-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/bishkek-zhidda1-1.jpg)