> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 723 миң га жерге жазгы талаа иштери жүргүзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/07/byjyl-723-mi-ga-zherge-zhazgy-talaa-ishteri-zh-rg-z-l-t/
- Published: 2022-02-07T11:02:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл 723.5 миң гектар жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=6C8V7KUgIvs) Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.**

Анын айтымында, жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүп кетиш үчүн быйыл мамлекет тарабынан акча каражаты эртерээк бөлүндү. Субсидиялоого быйыл 6%дан жогору кредит берилбейт деген чечим кабыл алынган. Ошонун 10% (520 млн сом) субсидиялоо максатында пайдаланылат. 

> «Быйылкы жылы жазга **723.5 миң гектар** жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөт. Ал эми пайдаланылбаган жер 53.7 га түзөт, бирок аны 6.4 миң га жерге азайтуу пландалууда. Бирок ошондо деле 47 миң га жер пайдаланылбай калат», – деди ал. 

Мындан тышкары, министр лизинг маселесинде быйыл биринчи жолу **426 млн сом** акча айыл чарба техникасына, анын ичинде **200 млн сом** тамчылатып жана жамгырлатып сугара турган техникаларды лизингге **4.5%** менен алууга дыйкандарга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи. 

> «Бул каражаттын **125 млн сому** өздөштүрүлдү, жакынкы арада 301 млн сом акча каражаты түшөт. Жалпы айыл чарбасын колдоого **26** млрд сом акча бөлүнүп жатат», – деди министр. 

Эскерте кетсек, 2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы өткөн жылга (2020) салыштырмалуу дээрлик [эки эсе кыскарып кеткен](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/02/tk-n-zhyly-ysyktan-zhana-suunun-zhetishsizdiginen-t-sh-m-eki-ese-kyskardy/). Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жай мезгилиндеги температуранын нормадан жогору болушу жана вегетация мезгилинде суунун жетишсиздиги себеп болгон.