> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 1%га жетпеген эле асыл тукум мал бар
- URL: https://im.kg/all/2022/02/07/kyrgyzstanda-1-ga-zhetpegen-ele-asyl-tukum-mal-bar/
- Published: 2022-02-07T13:43:40.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 1%га жетпеген асыл тукум мал бар.** **Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=6C8V7KUgIvs) Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.**

Министрдин айтымында, Кыргызстанда асыл тукум малдын үлүшү өтө эле аз жана алардын азыктуулугу дагы өтө төмөн. Ал учурда 1000 литрге жетчү сүт бербеген уйлар, 3 жаштык букалар 200 кг эт бербей тургандыгын белгилеп өттү.

> «Кайран кыргыздар ошол малдар үчүн убара болуп жүрүшөт. Кыргызстанда 1%га жетпеген асыл тукум эле мал бар», – деди министр. 

Өлкөдө 269 асыл тукум чарба болсо, учурда алардан 108 чарба калган. Алардын баары министрликтин катуу талабынын негизинде жоюлган.