> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай КРдан электр энергиясын сатып алууга даяр – сунушту кыргыз тарап киргизди
- URL: https://im.kg/all/2022/02/07/kytaj-krdan-elektr-energiyasyn-satyp-aluuga-dayar-sunushtu-kyrgyz-tarap-kirgizdi/
- Published: 2022-02-07T16:55:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз тарап КРдан КЭРге электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөөнү сунуштады, кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.** 

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров менен КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында **Биргелешкен билдирүү** кабыл алышты.

> Ал билдирүүдө берилген сунушту Кытай карап көрүүгө даяр экенин айтат. 

Мындан сырткары, тараптар өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташтыкты, эки тараптуу техникалык-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү алкагында долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча жигердүү иштерди улантышаары айтылат.

Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү жана келечектүү багыттары **инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү**, ошондой эле **климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө** кызматташтыкты жолго коюу жана **жашыл энергетиканы өнүктүрүү** болуп саналат деп ишенишет.