> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай Кыргызстанга 50 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет
- URL: https://im.kg/all/2022/02/07/kytaj-kyrgyzstanga-50-mln-juan-kajtarymsyz-zhardam-beret/
- Published: 2022-02-07T09:27:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай тарап Кыргызстанга 50 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 6-февралда, Пекин шаарында Кытайдын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда белгилүү болгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.**

> 50 млн юань КРнын коопсуздук тармагына берилет. Андан сырткары, КЭР коронавируска каршы кошумча 5 млн доза вакцина берүүнү да убада кылды. 

Ошондой эле мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу айтты.

> Ал ошондой эле[ Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/04/sadyr-zhaparov-zhakynky-arada-kytaj-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholunun-kurulushun-bashtajbyz/) темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөр кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берип, жетишилген макулдашуулар жакынкы жылдарда мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди.