> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө колдонулат, ал 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет
- URL: https://im.kg/all/2022/02/07/r-n-aluuda-akchany-b-l-p-t-l-koldonulat-al-2-zhyl-ichinde-4-menen-esepteshilet/
- Published: 2022-02-07T15:58:23.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө жолдору колдонулат. Алынган сумма 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков бул тууралуу бүгүн, 7-февралда «Парламент» радиосунда билдирди.** 

Эл өкүлүнүн айтымында, айыл чарба багытындагы насыяларды таратууда **«**РСК**»**, **«**Айыл банк**»** жана **«**Керемет**»** банктарынын капиталдары көбөйтүлдү. 

> «Айыл чарбасын көтөрүүгө 22 млрд сом каралып жатканы жакшы жылыш. Бул башка жылдарга салыштырмалуу дээрлик 5 эсеге көп сумма. Насыя алууда 300 миң сомго чейинки каражатты күрөөсүз алуу жеңилдиги бар. Айыл чарба насыяларынын үстөгү 6%дан ашпайт», – деди Алимбеков.

Буудайдын дыйкандар үчүн белгиленген болжолдуу баасы **46 сомдун** тегерегенде болсо, арпаныкы **51 сомго чамалайт.**

> «Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө жолдору колдонулат. Алынган сумма 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет», – деди депутат.

Ошондой эле ал суу системасын талаптагыдай иштетүү үчүн1.1 млрд сом бөлүнүп жаткандыгын, сугат тармагына буга чейин 200-250 млн сом гана каралып келгенин, эми бул коюлган пландарды ишке ашыруу гана калганын белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-февралда өткөн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин **[жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=6C8V7KUgIvs)** быйыл 723.5 миң гектар жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөөрү, ал эми пайдаланылбаган жер 53.7 га түзөөрү тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат берди.