> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Санариптик министрлиги Баткен жана Чүйдө жөлөкпулга арызды жеринде кабыл алат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/07/sanariptik-ministrligi-batken-zhana-ch-jd-zh-l-kpulga-aryzdy-zherinde-kabyl-alat/
- Published: 2022-02-07T12:19:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мобилдик тобу Баткен жана Чүй облустарын кыдырып, жеринде бир катар кызматтарды көрсөтөт жана анын ичинде жөлөкпулга да арыздарды кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.**

**Мобилдүү топ төмөндөгү кызматтарды көрсөтөт:**

- КРнын жаранынын паспортун алууга документтерди кабыл алуу
- жарандык абалдын актыларынын каттоо жана күбөлүктөрдү алуу
- **«**Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга арыздарды кабыл алуу
- көйгөйлүү жеке идентификациялык номерлер боюнча арыздарды кабыл алуу
- КРнын жарандарын туруктуу жана убактылуу жашаган жери боюнча каттоо
- дарек маалымкаттарын алуу
- чет өлкөлүк жарандарды каттоо
- жарандык маселелери боюнча консультация берүү жана документтерди кабыл алуу
- биометрикалык маалыматтарын каттоо.

Мобилдик топтун Баткен облусунун Баткен районунун калктуу конуштарына чыгуу графиги 3-15-февраль аралыгында жүрөт. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/Sanarip-batken.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/Sanarip-batken.jpg)