> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 4 жылда Иран менен КРнын ортосундагы соода жүгүртүү 5 эсе кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/08/4-zhylda-iran-menen-krnyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-5-ese-kyskardy/
- Published: 2022-02-08T12:54:38.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2016-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү беш эсеге кыскарган. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=iPR4s6-QqlE) белгилүү болду.**

> Соода кызматташтыгынын кыскарышынын негизги себеби – пандемия болгон. Кыргызстан негизинен Иранга **төө бурчак менен эт** экспорт кылып турган. Пандемияга чейин Иран КРдан этти учак менен ташып кетсе, пандемия учурунда бул токтоп калып, учурда кайрадан экспорттоо калыбына келтирилүүдө. 

Эскерте кетсек, 25-январда Соода-өнөр жай палатасында вице-президенти Роман Касымов менен Ирандын Кыргызстандагы Элчисинин биринчи кеңешчиси Таги Ростамиян менен жолугушуусу өткөн. Анын алкагында эки тарап соода-экономикалык кызматташууну андан ары бекемдөө жана эки өлкөнүн жеке ишкерлери үчүн шарттарды түзүү багытында ой-пикир алмашышкан.

Натыйжада, Кыргыз – Иран кызматташтыгынын өркүндөтүү максатында жазында Бишкекте Ирандын Соода үйү ачылып, жайында мамлекеттик деңгээлде көргөзмө уюштуруу [пландалууда](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/27/bishkekte-mart-ajynda-irandyn-sooda-j-achylat/).