> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Арызыңарды өткөрүп берем деген шылуундарга ишенбегиле – МИК эскертет
- URL: https://im.kg/all/2022/02/08/aryzy-ardy-tk-r-p-berem-degen-shyluundarga-ishenbegile-mik-eskertet/
- Published: 2022-02-08T15:22:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) кардарларын «арызыңарды өткөрүп берем», «кезегиңерди жылдырып берем, «акча алууга жардам берем» деген деген сунуштар менен WhatsApp же башка месенджерлерден жөнөтүлгөн билдирүүлөгө ишенбөөгө чакырат.** 

МИК арызды кабыл алуу толук түрдө автоматташтырылганын, бул процесске эч ким кийлигише албай тургандыгын, бул атайын коррупциялык схемаларга жол бербөө үчүн жасалгандыгын эскертет.

> «Арыздарды текшерүү жана верификация процедурасына 2 айдан 3 айга чейин убакыт талап кылынат. Анткени сиздин заявка толук толтурулуп МИКтин кароосуна келгенден кийин мамлекеттик органдарга(МСК, Соцфонд) суроо жөнөтүлүп, жообун күтөбүз. Ошентип ар бир келген заявка 3 этаптан турган верификациядан өтөт, бул үчүн убакыт талап кылынат», – деп айтылат билдирүүдө.