> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес
- URL: https://im.kg/all/2022/02/08/egemendikti-algandan-beri-narynda-bir-da-bala-bakcha-mektep-kurulgan-emes/
- Published: 2022-02-08T12:10:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.**

Депутаттын айтымында, учурда бала бакча, мектеп жетишсиз. Нарын шаарынын батыш тарабында №9 мектеп убагында дүкөн болуп салынып келе жатып, кийин элдин талабы менен мектеп болуп калган. Ал жерде мектеп үчүн жер тилкеси дагы бөлүнгөн, долбоор даяр, бирок эч эле салынбай келет.

> «Ошол жерге мектеп түшсө, №9 мектепти бала бакча кылмакпыз. Нарында курулуш башталып, бирок бүтпөй калгандар толтура. Эмне үчүн алар бүтпөй турат? Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес», – деди Бакасов.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү 2010-2021-жылдан бери курулушу бүтпөй туруп калган объектердин саны 421ге жеткенин, сарпталган акча **2 млрд 255 млн сомду түзгөнүн**, алар көзөмөл жоктугунан туруп калганын, учурда аларды ревизия кылып чыгып, кайра иштер жүргүзүлөөрүн билдирди.