> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги рестораторлорго бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү карайт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/08/ekonomika-ministrligi-restoratorlorgo-birdikt-salyktyn-stavkasyn-2-ga-chejin-t-m-nd-t-n-karajt/
- Published: 2022-02-08T10:41:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:54:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика министрлиги коомдук тамактануучу жайлардын бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүү боюнча кайрылуусун карайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Министрлик 2021-жылдын 1-сентябрында КРнын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууга коюлганын эске салды. Анда талдоолорду эске алуу менен коомдук тамактануу ишканалары үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы **8% өлчөмүндө** белгиленген.

> «Белгилей кетсек, коомдук талкуу учурунда бул тармактын өкүлдөрүнөн эч кандай сунуш түшкөн эмес», – деген Экономика министрлиги, парламенттеги талкууда депутаттар тарабынан деле эч кандай өзгөртүүлөр сунушталбаганын билдирди.

Жаңы Салык кодексине кол коюу учурунда коомдук тамактануу ишканаларынын Ассоциациясынан бирдиктүү салыктын ставкасын 5%га чейин төмөндөтүү сунушу менен кайрылуу түшкөн. Бул мыйзам долбоорундагы кайрылууну эске алуу менен ставканы 6%га чейин төмөндөтүү сунушталганын ведомстводон маалымдашты.

Эскерте кетсек, Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, коомдук тамактануу ишканалары үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын [максималдуу 8%дык ставкасы тууралуу пикирин билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/03/birdikt-salyktyn-8-zha-y-stavkasy-restoratorlordu-k-m-sk-g-ket-g-t-rt-t-askar-sydykov/). Сыдыков бул ставка бизнес үчүн өтө жогору болуп саналаарын, рестораторлор 15%дык кирешесинин 8%ын салык түрүндө төлөөгө даяр эмес экенин, алар [көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушаарын](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/03/msk-eiktin-direktoru-sydykovdu-koomchuluktu-kozutpoogo-chakyrdy/) айткан эле.