> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызалтын» 2.5 млрд сом киреше алууну күтүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/02/08/kyrgyzaltyn-2-5-mlrd-som-kireshe-aluunu-k-t-d/
- Published: 2022-02-08T10:23:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААК дивиденддерди кошкондо 2.5 млрд сомдон ашык киреше алууну күтүүдө. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматтарга таянсак, 2017-жылдан тарта «Кыргызалтындын» Centerra Gold Inc. компаниясынан дивиденддерди албаганын эсепке алганда, 2017-жылы – 99.5 млн сом, 2019-жылы – 310.5 млн сом киреше алган. Ал эми 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, «Центерранын» дивиденддерин эсепке албаганда пайда 471.9 млн сомду, 2021-жылы болсо **дивиденддерди кошпогондо алдын ала пайда 795.6 млн сомду** түзгөн.

Ошондой эле «Кыргызалтын» ААК баалуу металлдарды кайра иштетүү потенциалын жылына **40 тоннага чейин жогорулатуу** үчүн аффинаждык заводду модернизациялоону пландоодо.

«Кыргызалтын» аффинаждык завод өлкөдөгү жалгыз жана уникалдуу өндүрүш экенин, жылдан-жылга анын өндүрүшүн жогорулатып, ошондой эле ага жараша кирешесин көбөйтүп, баалуу металлдарды кайра иштетүүнүн көлөмүн да өстүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

> Алсак, заводдо 2015-жылы 16.6 тонна, 2021-жылы 22.4 тонна баалуу металл иштетилген.