> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Монголиядан Бишкекке  түз аба каттамын ачуу пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/02/08/mongoliyadan-bishkekke-t-z-aba-kattamyn-achuu-plandaluuda/
- Published: 2022-02-08T11:52:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы 6-марттан тарта Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор багыты боюнча аба каттамын ачууну пландоодо. Бул тууралуу Hunnu Air авиакомпаниясынын башкы директору Пуревжал Мунхжаргал жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев менен жолугушууда билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.**

> Белгилей кетсек, учуу каттамын Embraer 190 учагы аткаруусу пландалууда.

Настаев аба каттамдарын ачууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө убада берди. Мындан тышкары, монгол тарапка Ош жана Ысык-Көл эл аралык аэропортторуна аба каттамдарын ачуу, ошондой эле Кыргызстандын авиакомпаниялары менен кызматташууну карап чыгуу сунушталды.