> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы Россия менен КРнын соода жүгүртүүсү 2 млрд долларды түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/09/2021-zhyly-rossiya-menen-krnyn-sooda-zh-g-rt-s-2-mlrd-dollardy-t-zd/
- Published: 2022-02-09T16:02:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы Россия менен КРнын соода жүгүртүүсү 2 млрд долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда маалымат жыйынында Россиянын КРгы элчиси Николай Удовиченко билдирди.**

Анын айтымында, жыл соода тармагында жаман болгон жок. Элчи Федералдык бажы кызматынын маалыматына таянып, Россиянын Кыргызстанга экспорту 2021-жылы **2.1 млрд долларды** түзгөнүн белгиледи**.**

> «2020-жылга салыштырмалуу экспорт **47.8%га** өстү, жалпы соода жүгүртүү **2 млрд долларга** жетти, ошол эле кезде Россиядан КРга которулган акча каражаты **2.6 млрд доллар** чамасында болду», — деди Элчи.

Удовиченко өткөн жылы **экспортто** минералдык отун, кара металлдар, жыгач жана жыгач буюмдары, ошондой эле жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр басымдуулук кылганын кошумчалады.

> «2021-жылы Кыргызстандан Россияга чыгарган товарлардын импорту 2020-жылга салыштырмалуу **38.8%га көбөйүп, 333.3 млн долларды** түздү. Анда жез жана андан жасалган буюмдар, сүт жана табигый бал, трикотаж жана текстиль кийимдери, ошондой эле жашылча басымдуулук кылды», — деди ал.