> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Air Arabia Шарджадан Ошко жаңы түз аба каттамын ачат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/09/air-arabia-shardzhadan-oshko-zha-y-t-z-aba-kattamyn-achat/
- Published: 2022-02-09T10:15:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**20-февралдан тарта Air Arabia авиакомпаниясы Шарджадан Ошко жаңы түз аба каттамын ачат. Бул тууралуу Башкы консулдуктан билдиришти.**

> Графикке ылайык, **«G9 886» рейси** **Airbus A320** учагы менен Шарджа эл аралык аэропортунан Ош эл аралык аэропортуна **жума** жана **жекшемби** күндөрү учат.

> **«G9 887»** кайра кайтуучу рейси **дүйшөмбү** жана **ишемби** күндөрү аткарылат.

Air Arabia компаниясынан билдиришкендей, эң жогорку коопсуздук стандарттарын камсыз кылуу үчүн Air Arabia каттамдарындагы бардык жүргүнчүлөр БАЭде COVID-19 илдетинен акысыз камсыздандыруу менен камсыз болушат. Бул эч кандай кошумча документтерди көрсөтүүнү талап кылбастан, брондоо учурунда автоматтык түрдө кошулат.

- Air Arabia авиакомпаниясы 2009-жылдын 9-сентябрында Шарджа Эмиратында негизделген, БАЭнин штаб-квартирасы Шарджада жайгашып, ал жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда иш алып барган салыштырмалуу баалары арзан авиакомпания болуп саналат. 2019-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарына биринчи каттам ачылган.