> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Дос-Кредобанктын» Директорлор кеңеши башкармалыктын мүчөсүн бекитти
- URL: https://im.kg/all/2022/02/09/dos-kredobanktyn-direktorlor-ke-eshi-bashkarmalyktyn-m-ch-s-n-bekitti/
- Published: 2022-02-09T10:03:56.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Дос-Кредобанк» ААКнын Директорлор кеңеши башкармалыктын мүчөсүн бекитти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.**

Банктын директорлор кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен **Аида Ыбыкеева** башкармалыктын мүчөсү болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин «Дос-Кредобанктын»башкармалыгынын мүчөсү **Асел Омоева** өз арызы менен мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулган. Мындай чечим Дос-Кредобанктын Директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.