> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоо максатында мамлекет 520 млн сом бөлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/09/dyjkandardy-zhe-ildetilgen-nasyya-menen-kamsyzdoo-maksatynda-mamleket-520-mln-som-b-ld/
- Published: 2022-02-09T14:15:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:29:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун бекитти. Каржы министрлигине коммерциялык банктарга пайыздык үстөктөрдү субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүү тапшырылды. Бул тууралуу кабинеттин басма сөз кызматы билдирди.**

«АЧК – 10» долбоорунун максаты – айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн аз пайыздык чен менен мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейинки «Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасы боюнча республикалык бюджетке **372 млн сом** каралган. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча дыйкандарга жалпы суммасы 3.4 млрд сомдук жеңилдетилген насыялар берилген.