> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/02/09/karakol-batken-osh-naryn-aeroporttorun-rekonstrukciyaloo-plandaluuda/
- Published: 2022-02-09T17:12:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«МЭА» ААК 2022-жылы 4 аэропортту – «Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда. Бул тууралуу 9-февралда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында Башкармалыктын Төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.** 

Анын айтымында, азыркы тапта төмөндөгү объектилердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган.

- «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо
- «Баткен» аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо
- «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу
- «Нарын» аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу

> «Долбоор иштелип чыккандан кийин биз, быйылкы жылы «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш-монтаждоо иштерин жана «Каракол» менен «Баткен» аэродромдорунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу маселеси каралууда», – деди Шаршеев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 9-февральда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, узатуу жана тосуп алуу максатында курулган жаңы күтүү залынын ачылышы болуп өттү. Объекттин курулушу 2021-жылдын 7-октябрында башталган. Имараттын жалпы аянты 372 чарчы метрди түзөт. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/1-1024x768.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/1-scaled.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/1234-1024x768.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/1234-scaled.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/12-1024x768.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/12-scaled.jpeg)

Белгилей кетсек, «МЭА» ААКнын түзүмүнө Кыргызстандын 11 аэропорту кирет: 5 эл аралык жана 6 аймактык жана ошондой эле алардын маршруттук тармагы **25 багытты** камтыйт:

- **19 багыт** боюнча эл аралык аба каттамдары
- **6 багыт** боюнча ички аба каттамдары.