> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Марттан баштап Баткендеги 62 айылдын тургундарынын пенсиясы 2000 сомго көбөйөт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/09/marttan-bashtap-batkendegi-62-ajyldyn-turgundarynyn-pensiyasy-2000-somgo-k-b-j-t/
- Published: 2022-02-09T10:38:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Март айынан тарта Баткендеги 62 айылдын тургундарынын пенсиясы 2000 сомго, жөлөкпулдар дагы эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев «Ынтымак» жана «Ишеним» фракцияларынын Баткен районундагы көчмө жыйынында билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.**

> Анын айтымында, аталган айылдарда дагы мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүү сунушталууда.

Алимбаев депутаттарга Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

> «Документ мамлекеттик чек арада жайгашкан 62 калктуу конушка тиешелүү. Чек арага жакын жайгашкан үйлөрдү мыйзамдаштыруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин колдонуу пландалууда. Эгерде буга чейин кыймылсыз мүлктү каттоо үчүн 2000 сом талап кылынса, эми документтер бекер берилет. Ушул эле негизде жарандар милициядан соттолбогондугу тууралуу маалымкатты, медициналык кароону, тактап айтканда, УЗИ жана рентген кызматтарын бекер алышат», — деди ал.