> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# USAID Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанды да камтыган соода боюнча беш жылдык программасын баштайт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/09/usaid-borbor-aziyada-anyn-ichinde-kyrgyzstandy-da-kamtygan-sooda-bojuncha-besh-zhyldyk-programmasyn-bashtajt/
- Published: 2022-02-09T15:36:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:08:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанды да камтыган соода боюнча беш жылдык программасын баштайт. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Программанын бюджети **19 млн долларды түзөт** жана ал Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды да камтыйт.

КРда бул программа Экономика министрлиги, Транспорт министрлиги, Бажы кызматы жана Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте ишке ашырылат.

> Программанын максаты – Борбор Азияда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Ал үчүн долбоор бажы жана чек ара контролдоо жол-жоболорун шайкештөөгө, соода жана инвестиция маселелеринде мамлекеттик жана жеке секторлордун өнөктөштүгүнө жана региондогу ишканалардын кызматташуусуна көмөктөшөт

- Программа экспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө байланышкан, тагыраак айтканда, сертификация, транспорт, логистика ж.б. маселелерди чечүүгө багытталат.
- Ошондой эле Кыргызстандын жана Борбор Азиянын ишканалары чет элдик кардарлардын талаптары менен таанышып, жаңы рынокторго чыгууга даяр болушу үчүн чет элдик компаниялардын иш сапарлары, жолугушуулар жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Экономика жана соода министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Руслан Тыналиевдин айтымында, **жаңы программа соода процедураларын жөнөкөйлөтүү аркылуу сооданы жакшыртууга** **жардам берет** жана чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле тышкы соода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу процесстерин оптималдаштыруу аркылуу соода компанияларына оң таасирин тийгизет.