> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоордун экинчи этабы башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/10/akciz-salygyn-sanariptik-bashkaruu-bojuncha-pilottuk-dolboordun-ekinchi-etaby-bashtaldy/
- Published: 2022-02-10T12:12:49.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:41:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы февраль айында акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоордун экинчи этабын ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Долбоордун экинчи этабы алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча өткөрүлөт. Биринчи этапка ылайык, долбоор январь айынан баштап **тамеки буюмдары боюнча** жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Салык кызматы январь айынан тартып өлкөнүн аймагында милдеттүү же ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоорду ишке ашырууда, ал 2022-жылдын 1-июлуна чейин созулат.

> Пилоттук долбоор КРда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырылууда.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын [www.teksher.kg](http://www.teksher.kg/) сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.

***Кошумча окуңуз:*** [МСК тамеки жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду баштайт](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/17/msk-tameki-zhana-alkogolduk-produkciyaga-akciz-salygyn-sanariptik-bashkaruu-bojuncha-pilottuk-dolboordu-bashtajt/)