> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/10/bijlik-markalanbagan-alkogolduk-zhana-tameki-produkciyalaryn-zh-g-rt-g-tyjuu-saldy/
- Published: 2022-02-10T15:04:53.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:19:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 1-июлунан тартып КРнын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо киргизилген. 2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынганын МСК эскертет.**

Салык кызматы билдиргендей, салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 31-декабрына чейин маркаланбаган продукциянын калдыктарын маркалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

> КРнын Укук бузуулар жөнүндө жөнүндө кодексине ылайык, колдонулган тийиштүү идентификациялоо каражаттарын кайра пайдалануу же товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү, ошондой эле **тийиштүү идентификациялоо каражаттарын колдонбостон товарларды сактоо** жана **сатууда** – жеке жактарга **10 миң сом**, юридикалык жактарга **28 миң сом** өлчөмүндө айып салынат.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын [www.teksher.kg](http://www.teksher.kg/) сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.