> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатабыз – Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/02/10/kalktyn-zhakyr-katmaryn-koldoj-turgan-karazhatka-elektr-energiyasyn-importtoogo-argasyz-bolup-zhatabyz-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-02-10T12:57:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:28:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 10-февралда «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого багыттоого аргасыз болуп жатканын билдирди.**

Анын айтымында, суунун тартыштыгынан жана мүмкүнчүлүктөр чектелгендиктен, Кыргызстан электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатат.

> «Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого багыттоого аргасыз болуп жатабыз», – деди ал.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы **экономиканын толук кандуу иштеши үчүн Кыргызстанга 6 млрд кВт/саат электр энергиясы жетишпей жатканын** айтты. Анын айтымында, жалпысынан учурда 3 млрд кВт/саат тартыштык бар, бирок ал импорттун эсебинен жабылууда. Дагы 3 млрд кВт/саат жаңы ишканаларды ишке киргизүү үчүн жетпей жатат.

Жапаров билдиргендей, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр көптөгөн долбоорлорду ишке киргизүүгө даяр, бирок республика аларды электр энергиясы менен камсыздай албайт.