> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро алууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/02/10/kyrgyzstan-kambar-ata-ges-1di-kuruuga-evroobligaciyalar-arkyluu-500-mln-evro-aluunu-k-zd-d/
- Published: 2022-02-10T11:41:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:14:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро тартууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Ал бийлик инфраструктуралык курулушту баштоо үчүн 18.8 млн доллар тапканын, ошол эле учурда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушунун биринчи фазасына 458 млн доллар керектелерин айтты.

> «Биз эл аралык каржы институттары менен активдүү финансылык консультацияларды алууну баштадык жана биринчи жолу евробонддор рыногуна чыгып жатабыз – биздин өлкө бул рыноктон четте калган жалгыз өлкө. Биз быйыл европалык рыноктордон **500 млн евро** карыз алып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи фазасын баштоону пландап жатабыз», **–** деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатынын курулушун баштоо планын да билдирди. «Биздин энергетиктер бүгүн Москвада акыркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Быйыл экинчи агрегаттын курулушун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи фазасынын курулушун баштайбыз деп ишенем», **–** деп кошумчалады ал.

***Кошумча окуңуз:*** [Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу быйыл башталат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/26/akylbek-zhaparov-kambar-ata-1-gesinin-kurulushu-byjyl-bashtalat/)