> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ «Примовду» 212 млн долларга каржылаган эмес – маалыматта техникалык ката кеткен
- URL: https://im.kg/all/2022/02/10/ok-f-primovdu-212-mln-dollarga-karzhylagan-emes-maalymatta-tehnikalyk-kata-ketken/
- Published: 2022-02-10T09:32:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:11:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Ош шаарындагы жана Ош облусундагы долбоорлорду каржылоодогу техникалык катадан улам жарыяланган туура эмес маалымат боюнча түшүндүрмө берди.** 

Каржылоо валютасын көрсөтүүдө кетирилиген техникалык катадан улам аймактагы чакан жеке ишкерлер фонддон **жүз миллиондогон доллар** каражат алышканы айтылган эле. Бирок **негизи каржылоо сом менен жүргүзүлгөн**.

Тактап айтканда, долбоорлор боюнча публикацияда «Примов» ЖИ 212 млн долларга каржыланганы жазылган. Бирок иш жүзүндө **212 млн сомдук эле каржылоо** болгон.

Каржылоо коммерциялык өнөктөш банктар аркылуу жеңилдетилген шарттарда берилген жана ал төмөнкүдөй:

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/A54DA389-3B36-4F75-8A47-3336D9F74715.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/A54DA389-3B36-4F75-8A47-3336D9F74715.jpeg)

ОКӨФ каржылоо валютасы боюнча туура эмес маалымат берилген насыялардын көбү төлөнүп бүтүп калганын, ал эми калган ишкерлер жана компаниялар насыяларды график боюнча төлөп жатканын билдирди.

> «Техникалык катадан улам туура эмес жарыяланган маалымат үчүн кечирим сурайбыз. Бүгүнкү күндө бир долбоорду каржылоонун **максималдуу суммасы 16.5 млн долларды** түзөт (кант өндүрүүнү колдоо үчүн). Жалпысынан 2022-жылдын 1-февралына карата фонддун жалпы кредиттик портфели 3140 долбоорго 410 млн долларды түзөт», – деп билдиришти фонддон. 

Эскерте кетсек, кечээ, 9-февральда РФнын КРгы элчиси **Николай Удовиченкого** маалымат жыйынында дал ушул маселеге байланышкан суроо берилген эле. Элчи өз кезегинде фонддун жетекчисинен бул маалыматты тактай тургандыгын айткан.