> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1.6 млрд сом өлчөмүндө бекитилди
- URL: https://im.kg/all/2022/02/10/osh-shaarynyn-2022-zhylga-bjudzheti-1-6-mlrd-som-lch-m-nd-bekitildi/
- Published: 2022-02-10T16:19:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд 600 млн 510 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.**

Берилген маалыматка таянсак, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 млн 810 миң сомго көп болгон. Бул жылы эң көп каражат турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү тармагына бөлүнөт. Аталган тармакка **559 млн 737 миң сом** каралган.

- Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына – 122 млн 450 миң сом
- «Ошсвет» муниципалдык ишканасына шаардын көчөлөрүн жарык менен камсыз кылууга – 71 млн 99 миң сом
- жарандарды тейлөө борборуна – 9 млн 137 миң сом
- Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына – 13 млн 305 миң сом
- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 93 млн 745.4 миң сом
- Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 250 млн сом каралат
- билим берүү тармагына – 403 млн 500 миң сом
- экономикалык маселелер тармагына **–** 239 млн 605.3 миң сом
- эс алуу, спорт жана маданият тармагын каржылоого – 92 млн 249 миң сом
- социалдык коргоо тармагына – 20 млн 924 миң сом бөлүнөт.