> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 110 миң үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген баада төлөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/110-mi-j-b-l-elektr-energiyasyn-zhe-ildetilgen-baada-t-l-jt/
- Published: 2022-02-11T14:48:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган 110 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген баада, тагыраак айтканда, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйындан арзандатылган тариф менен төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.**

> Республика боюнча **353 миң 835 бала** жашаган «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган **110 миңден** ашык үй-бүлө ушул жылдын 1-январынан тарта айына 700 кВт саатка чейин керектөө менен 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөшөт. 

Социалдык жардамдын бул түрү 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө каралган.