> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы электр энергиясын импорттоого  3.4 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/2021-zhyly-elektr-energiyasyn-importtoogo-3-4-mlrd-som-b-l-nd/
- Published: 2022-02-11T10:18:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл башынан бери электр энергиясын импорттоого 1.2 млрд сом бөлүнгөн. 2021-жылы болсо бул тармакка 3.4 млрд сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасы экономиканын толук кандуу иштеши үчүн Кыргызстанга **6 млрд кВт/саат** электр энергиясы жетишпей жатканын айтты. Анын айтымында, жалпысынан учурда 3 млрд кВт/саат тартыштык бар, бирок ал импорттун эсебинен жабылууда. Дагы **3 млрд кВт/саат** жаңы ишканаларды ишке киргизүү үчүн жетпей жатат.

> «Ата мекендик бизнес, эл аралык өнөктөштөр көптөгөн долбоорлорду ишке киргизүүгө даяр, бирок республика аларды электр энергиясы менен камсыздай албайт. Биздин республика Борбор Азия чөлкөмүнүн дарыяларынын башында жайгашып, суу-энергетикалык ресурстарынын генератору болуп саналат», – деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы бул долбоорлор **1.5 млрд долларга** бааланганын белгиледи.

Анын айтымында, суунун тартыштыгынан жана мүмкүнчүлүктөр чектелгендиктен, Кыргызстан электр энергиясын импорттоого мажбур болууда. «Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого багыттоого аргасыз болуп жатабыз», – деди ал.