> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы МСК салыктарды убагында төлөбөгөндүгү үчүн дээрлик 4 миң айып салган
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/2021-zhyly-msk-salyktardy-ubagynda-t-l-b-g-nd-g-ch-n-deerlik-4-mi-ajyp-salgan/
- Published: 2022-02-11T16:12:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 3.9 миң айып салынганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> 2022-жылдын 1-январына карата салык карызынын суммасы **25.2 млрд сомду**, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз **2 млрд 37.3 млн сомду** түзгөн.

Республиканын салык органдары 2021-жылы карызды мажбурлап өндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында салык карызы боюнча **5 млрд 397.9 млн сом**, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздан **1 млрд 386.1 млн сом** түшкөн.

Учурда Мамлекеттик салык кызматы карыздын негизги суммасы төлөнгөн учурда чегерилген айыптарды, санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жолу менен салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү иштерин жүргүзүүдө.