> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азиз Аалиев: Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/aziz-aaliev-kumt-rd-n-tk-n-zhyly-7-ajda-altyn-t-r-nd-200-mln-dollar-kireshe-aldyk/
- Published: 2022-02-11T16:49:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда эле алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев билдирди.**

Анын айтымында, кыргыз бийлиги тарабынан тышкы башкаруу киргизилгенге чейин Кыргызстан орточо эсеп менен 3-4 млн доллар дивиденд алып турган. 

> «Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда эле алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык. Жакынкы арада юридикалык маселелер чечилип, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын балансына өтсө, анда биздин эсептөөлөр боюнча, мамлекеттин Кумтөрдөн түшкөн кирешеси **400-500 млн долларга** чейин көбөйөт», – деди ал.

Ошондой эле Аалиев 2021-жыл мамлекет үчүн оор болгонун, энергетикалык каатчылык, кургакчылык, азык-түлүк коопсуздугу маселеси, күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин көтөрүлгөнүн кошумчалады.