> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин 34 чакырымдык түндүк айланма жолунун долбоору Министрлер кабинетине көрсөтүлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/bishkektin-34-chakyrymdyk-t-nd-k-ajlanma-zholunun-dolbooru-ministrler-kabinetine-k-rs-t-ld/
- Published: 2022-02-11T09:51:29.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:27:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын 34 км созулган түндүк айланма жолун куруу долбоорун Министрлер кабинетине көрсөттү.**

> Долбоордо транспорт түйүндөрү, тротуарлар, жөө жүргүнчүлөр үчүн бир катар өтмөктөр каралган. 

Акылбек Жапаров долбоорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантын иштеп чыгып, техника-экономикалык негиздемени даярдоону тапшырды. Ошондой эле ал жолдорду оңдоо жана куруу иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, анын ичинде Баткен облусунун аймагындагы унаа жолдорун кыска мөөнөттө оңдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынга транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.