> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ИДПсы январь айында 1%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/kyrgyzstandyn-idpsy-yanvar-ajynda-1-ga-st/
- Published: 2022-02-11T10:30:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) январь айында алдын ала эсептөөлөр боюнча 2021-жылдын ушул айына салыштырмалуу 1%га өсүү менен 37 млрд сомдон ашык сумманы түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> «Кумтөр» ишканаларын эсепке албаганда, өлкөнүн экономикасынын көлөмү **35 млрд сомдон** ашыкты түзүп, 1.1%га өстү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ИДПсы 2021-жылдын аягында 2020-жылга салыштырмалуу 3.6%га өскөн. 2020-жылы экономикалык **төмөндөө** рекорддук чекке, тагыраак айтканда, 8.6%га жеткен болчу. Белгилей кетсек, [КРда экономикалык жигердүүлүк орточо деңгээлде калыбына келүүдө](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/01/krda-ekonomika-ortocho-de-geelde-kalybyna-kel-d-yanvarda-inflyaciya-11-1/).